mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Кар көчкү түшүүсү күтүлүп жаткан унаа жолдор:👇

◾️Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырым аралыгы (Төө-Ашуу ашуусу);

◾️ Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырым аралыгы (Чычкан капчыгайы);

◾️ Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115 чакырым аралыгы;

◾️ Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырым аралыгы;

◾️ Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырым аралыгы (Чоң-Ашуу ашуусу);

◾️ Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырым аралыгы.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.