mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чүй облусунун аймагындагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары арасында салмактык жана габариттик көзөмөл постторунда КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан КРдин  “Укук Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык окуутуу жана түшүндүрүү боюнча иштер аткарылууда.

Чүй облусунун аймагындагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары арасында салмактык жана габариттик көзөмөл постторунда КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2024-жылдын эки айында Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишти:

 

— текшерүүдөн өткөн транспорт каражаттарынын саны – 40 316 даана. 2023-жылдын ушул мезгилинде  33 021даана,  быйылкы жылы 122%га көбөйгөн;

 

— аныкталган бузуулардын саны 389, башкача айтканда 2023-жылдын ушул мезгилинде  285,  быйылкы жылы 136%га көбөйгөн;

 

— салынган айыптардын саны – 4 215 500 сом, 2023-жылы – 1 844 000 сом, быйылкы жылы 228%га өскөн;

— өндүрүлгөн айыптардын саны 2 030 500 сомду түздү. 2023-жылы – 714 500 сом,  быйылкы жылы 284%га өскөн.

Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунда жайгашкан 20дан ашык жүк жүктөөчү карьерлерге, КРдин “Укук Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 2024-жылдын 24-январындагы  №26 мыйзамдарынын редакциялары өзгөртүүлөрү менен тааныштырылганы тууралуу эскертме каттары берилди.

Мындан сырткары КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлерин транспорттук контролду ишке ашыруу боюнча №92 Инструкциясына, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2024-жылдын 20-февралындагы №41 буйругунун редакциясына ылайык,  Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан бетон чыгаруучу заводдордун атайын техникаларын (кран, помпа, миксер) таразага тартып, көп жолу колдонула турган атайын уруксаат кагаздар берилүүдө.

Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жетекчилиги КРдин Транспорттук прокуратурасынын өкүлү менен биргеликте Чүй облусундагы жүргүнчү ташуучу ишканалардын жетекчилери менен КРдин Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери боюнча ташуучуларга коюлган талаптарды так аткаруу боюнча чогулуш өткөрүштү. 

Анда, аларга прокуратура тарабынан ишкерлердин укугун коргоо боюнча КРдин Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы №1 Жарлыгы тааныштырылды.