mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы 2024-жылдын 3 айында жакшы көрсөткүчтөргө жетишти

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун аймагындагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине  киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери улантылып,  салмактык жана габариттик көзөмөл постторунда маалымат баракчалары таркатылууда. 

2024-жылдын 3 айында Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишти:

— текшерүүдөн өткөн транспорт каражаттарынын саны 2024-жылдын 3 айында 66064 даананы түзүп,  2023-жылдын ушул мезгилинде  бул көрсөткүч 55264 түзгөндүктөн ал былтыркы жылга салыштырмалуу 10800 көбөйгөн;

— аныкталган укук бузуулардын саны  2024-жылдын 3 айында 640 даана болсо,  2023-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 418  түзгөндүктөн ал былтыркы жылга салыштырмалуу  222 көбөйгөн;

— салынган айыптардын саны 2024-жылдын 3 айында 6764500 сомду түзсө, 2023-жылы ал 3000500 сомго барабар болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 764 000  көбөйгөн;

— өндүрүлгөн айыптардын саны  2024-жылдын 3 айында  3122 000 сом болсо, ал 2023-жылы  1949000 сомду түзгөндүктөн  былтыркы жылга салыштырмалуу  1173 000  өскөн.

Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунда жайгашкан жүк жүктөөчү карьерлерге, 2021-жылдын 28-октябры № 128 Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген,  КР “Укук Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 2024-жылдын 24-январындагы №26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, өзгөртүүлөр менен тааныштырылган “Эскертме каттар” жана КР “Укук Бузуулар жөнүндө” Кодексинин көчүрмөлөрү  жүк  ташуучу компанияларга жана жеке ишкерлерге берилүүдө.

 Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде  жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери тарабынан  транспорттук контролду ишке ашыруу боюнча №92 Инструкцияга, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2024-жылдын 20-февралындагы №41 буйругунун редакциясына ылайык,  Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан бетон чыгаруучу заводдордун  техникалары (кран, помпа, миксер) таразага тартылып, көп жолу колдонула турган атайын 41 уруксаат кагаздары берилди.

 

КРдин  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы