mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чоң-Капка көзөмөл өткөрүү пункттунун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар бузулду

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын  Талас филиалынын №48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Тараз-Покровка-Кайынды унаа жолунун (0+00км) Чоң-Капка көзөмөл өткөрүү пункттунун  айланасындагы  башаламан соода жана жол боюндагы кызмат көрсөтүү объектилерин тартипке келтиришти.

Алсак,  2024-жылдын 15-апрель күнү жогоруда белгиленген көзөмөл өткөрүү пункттунун айланасындагы мыйзамсыз курулуштарды атайын техниканын жардамы менен бузуу иштери аткарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин  Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунун айланасы тазаланып, иретке келтирилген. Анда, Министрликке караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №958 ЖТИсинин жумушчулары тарабынан жолду бөлүп турган парапеттер алынып, мыйзамсыз салынган соода объектилери демонтаждалган.

Ошондой эле, жолдун четине пластиктен жасалган тосмолор орнотулуп, тротуар салуу, жол сызыктарын термопласт менен чийүү, айлананы көрктөндүрүү жана аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылган.