Чолпон-Ата шаарындагы С. Чекиров жана К.Кубатов көчөлөрүнө асфальт төшөлөт
- 52 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдордун курулушу менен таанышты.
Бүгүнкү күндө С. Чекиров (470 метр) жана К.Кубатов (440 метр) көчөлөрүндө асфальт төшөөгө тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө. Жерине тартылган атайын техникалардын жардамы менен жер жумуштары толук жыйынтыкталып, асфальт басуу иштери башталар алдында турат.
Министр тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан соң Чолпон-Ата шаарындагы ири паркка бара турчу жолдорду (С. Чекиров жана К.Кубатов көчөлөрү) оңдоо иштерин өз убагында жана нормагы ылайык бүтүрүүнү тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы