mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чолпон-Атанын борбордук көчөсү асфальтталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл жергесине жасаган иш сапарынын алкагында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолуна барып, Чолпон-Ата тилкесин (шаардын борбордук көчөсүн) оңдоо боюнча жыйын өткөрдү.

Министр подряддык компаниянын, мэриянын жана бул жааттка тиешеси бар өкүлдөрдүн маалыматын угуп, асфальт басуу алдында жасалчу (канализация, суу түтүктөрү жб) жумуштарды бүтүрүү менен жакынкы күндөрү жол иштерин баштап, июль айына чейин асфальт төшөөнү аяктоону тапшырды (жалпы 3 чакырым 800 метр жол оңдолот). Ал ошондой эле, Президенттин колдоосу менен жер алдындагы жумуштарга каражат чечилгенин белгилеп, алдыда иш ыргагын ыкчамдатуу менен жергиликтүү калктын жана чет элдик коноктордун ыңгайлуулугу үчүн туристтик мезгилге чейин бүтүрүү милдети турарын билдирди.

Мындан тышкары, Тилек Текебаев иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата-Корумду-Балбай унаа жолунда жүрүп жаткан иштерден кабар алып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы