mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чет өлкөлүк уруксат бланктары (дозвол) Ишкерлерди тейлөө борборунан берилүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүк ташуучуларга жагымдуу шарттарды түзүү максатында чет өлкөлүк уруксат бланктарын алууга арыздар elicense.gov.kg порталы аркылуу кабыл алынып, Ишкерлерди тейлөө борборунан (Бишкек ш. Жибек-Жолу пр.381) уруксат бланктары берилип жатканын эске салат.

Учурда чет өлкөлүк уруксат бланктарын алуу үчүн арыздар электрондук жана ошол эле учурда оффлайн форматта (кагаз түрүндө) кабыл алынууда. Ал үчүн жүк ташуучулар департаменттин Бишкек, Ош, Балыкчы жана Нарын шаарларындагы түзүмдүк бөлүмдөрүндө кайрыла алат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы