mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Уруксат кагаздарын алуу процессин санариптештирүү боюнча  презентация болуп өттү

2024-жылдын 22-апрелинде КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде  автомобилдик ташууларды ишке ашырууга керектүү уруксат кагаздарын алуу процессин санариптештирүү менен автоташуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү  максатында Транспорт департаменти тарабынан маалымат тутумдарын өркүндөтүү жана аны жаңыдан иштеп чыгуу боюнча  презентация болуп өттү. 

Презентацияга КРдин Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Б. Рысмендеев, Транспорт департаментинин директору Т. Кельдибеков, министрликтин жана департаменттин жооптуу кызматкерлери, ошондой эле маалымат тутумун иштеп чыккан IT-кампаниянын өкүлдөрү катышты.

 Транспорт департаментинин учурдагы колдонуулуучу “Электрондук транспорт көзөмөлү” автоматташтырылган маалымат тутуму (“ЭТК” АМТ) аркылуу автоташуучуларга   лицензия,  оор жана ири көлөмдүү жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат кагаздары берилет.  Бул маалымат тутумун өркүндөтүп кайра иштеп чыгуу аркылуу  автоташуучулар департаментке келбей эле арыздарын үйүнөн же башка жерден жөнөтүп, уруксат кагаздарды алуу  мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Бул иш-чарада республика боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустук каттамдарды автоташуучуларга бекитип берүү үчүн сынактарды электрондук түрдө өткөрүү үчүн Транспорт департаменти тарабынан “Каттамдарга электрондук конкурс” маалымат тутумун түзүү боюнча иштер көргөзүлдү. Бул маалымат тутумун колдонуу менен автобустук каттамдарды автоташуучуларга бекитип берүүдө адилеттүүлүк жана ар кандай коррупциялык иш аракеттерге бөгөт коюу камсыздалат.

Маалымат тутумдарын иштеп чыгуу боюнча презентациянын жыйынтыгында, маалымат тутумдарын ишке киргизүүдөгү көйгөйлөр да талкууланды. Ошондой эле  “Электрондук транспорт көзөмөлү” жана “Каттамдарга электрондук конкурс” маалымат тутумдарын толук кандуу ишке киргизүүдө  КРдин Ички иштер министрлигинин  жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат тутуму  даяр болуп, аны менен интеграция болгондон кийин мүмкүн экендиги белгиленди жана  министрдин орун басары Б. Рысмендеев тарабынан  тиешелүү тапшырмалар берилди.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы