mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу ачылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү унаа жолу ноябрь айына чейин убактылуу ачылгандыгын маалымдайт.

Кыймыл күндүзгү убакытта — таңкы саат 6:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Убактылуу каттам туристтик мезгилде автожолдордогу жүктөмдү (нагрузка) азайтуу максатында берилди.

Унааларга октук басымы 11,5 тонналык салмакты сактоо эскертилет.

Айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында трассага заманбап жол белгилери, электрондук маалымат такталары жана эскертүү системалары орнотулду.

Учурда унаа жолундагы коопсуздукту күчөтүү максатында коргоочу курулуштар: анын ичинде Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк жана түштүк тарабындагы жолдун эң кооптуу тилкелеринде 3 эстакадалык көпүрө, кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулууда.

Ал эми тоннелдин узуну – 3,890 чакырым, туурасы — 10 – 14 метрге чейин, бийиктиги – 8,6 метрди түзөт.

2 тилкелүү заманбап жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы — 8,5 метр. Эки тарабында тең туурасы 0,75 метрден жөө адамдар өтүүчү жол каралган.

Унаа жолунун 324-чакырымында өткөрүү пункту курулууда. Тоннелден өтүүчү жол акысы автотранспорттун түрүнө жана категориясына жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин алынат.

Альтернативдүү жолдун 153-чакырымында “Дыйкан” жана Балыкчы шаарында транспорт көзөмөл пункттары иштейт. Ошондой эле, Жалал-Абад тарабында жана Балыкчыда 2 мобилдик көчмө топ жүк ташуучу унаалардын салмак габариттик ченемдеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүшөт. 

Унаа жолдун жалпы узундугу – 433 чакырымды түзөт. Анын 200гө жакын чакырымы мурда жол жок жерлерге салынган.

Ошондой эле, Көк-Арт ашуусунда Кыргызстандагы эң узун тоннель курулуп, 2 эстакадалык көпүрө салынган.

Эми айдоочулар Жалал-Абадтан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) барууга мүмкүн. Башкысы, ылдамдыкты ашырбоо эскертилет.

Ал эми аталган жол толугу менен 2028-жылы пайдаланууга берилери пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы