mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Казарман-Арал участогу суу ташкыны менен жер көчкүдөн тазаланды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө мекемесинин жумушчулары кече, 9-майда Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Казарман-Арал участогунун 278 чакырымындагы тоо бетинен агып, жол бетине чыккан суулар менен жер көчкүнү буруп, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Ага 2 атайын жол техникалары жана 10 жол жумушчу күчү тартылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.