mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт тармагы: Кыргыз-түркмөн делегациясы жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин жетекчилиги Түркмөнстандан келген кесиптештери менен жолугуп, бул жааттагы кызматташтыкты талкуулады.

Ош шаарында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн делегациясы “Достук” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункту, Ош-1 жана Ош-2 темир жол станцияларынын инфраструктурасы менен таанышты.

Бул сапардын негизги максаттарынын бири «АТР өлкөлөрү-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия-Европа» мультимодалдык коридору аркылуу жүк ташуу маршрутун өнүктүрүү болуп саналгандыктан түркмөн делегациясы маршруттун Кытай бөлүгүн изилдөө үчүн Кашкарга багыт алышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы