mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт тармагындагы айрым мыйзам актыларына кирген толуктоолор боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы КРдин Укук бузуулар жөнүндө Кодексине жана  Транспорт тармагындагы айрым мыйзам актыларына кирген толуктоолор боюнча окутууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

  Алсак, бул боюнча башкармалык тарабынан китепче жана маалымат баракчалары даярдалып, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырылууда.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы башкармалыктын инспекторлору  жүргүнчү жана жүк ташуучу унааларды токтотушуп,   Транспорт департаментинин “Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын  укугундагы колдонуучу беренелердин фабуласы” деген китепчелерди таратытылууда.    

Азырынча аларга  эскертүү каттары берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери дагы КРдин Укук бузуулар жөнүндө Кодексине жана  Транспорт тармагындагы айрым мыйзам актыларына кирген толуктоолор боюнча билимдерин бекемдешүүдө. 

  

Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  2024-жылдын 2 айында 2140 транспорт каражаттары текшерилип, 65 протокол түзүлгөн. Анда айыптын суммасы 528 000 сом. 2023-жылы  324500 сом гана айып салынган.