mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт министрлиги «Ак-Жол»көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы президенттин Администрация жетекчиси Акылбек Жапаровдун Бишкек-Кордай автожолундагы башаламан соода жана жол боюндагы кызмат көрсөтүү объектилерин тартипке келтирүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктуна барды.

Ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанында баш аламан соода жүргүзүүгө каршы иш алып барып жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана министрликке караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №958 жол тейлөө кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери менен жеринде таанышты.

Белгилей кетсек, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан аймакта  №958 жол тейлөө кызматкерлери тарабынан жол тилкесинде жолду бөлүп турган парапеттер алынып, мыйзамсыз салынган соода объектилери демонтаждалган.Учурда жолдун четине жана огуна темирден жасалган тосмолорду орнотуу боюнча даярдык иштери жүрүүдө.

Бишкек-Кордай автожолундагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан аймак боюнча Ы.Бариев Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Эрнис Алиевге жол тилкесинин огуна жол чырактарын орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды Ленин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча сунуш киргизип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн макулдугун алды.

Ошондой эле Ы. Бариев ал жердеги таксисттердин жүйөлөрүн угуп, алардын суроолоруна түшүндүрмө берип, андан соң «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан аймакты көрктөндүрүү  иштери боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүү боюнча «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №958 жолчуларына  тиешелүү тапшырмаларды берди.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы