mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Базаралиев Бекназар Токтосунович

1981-жылдын 22-мартында Жалал-Абад  облусуна  караштуу Аксы районунун   Кашка-Суу айылында   туулган.

Жогорку билимдүү.

2004-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин политехникалык коледжин аяктап, электр байланышынын техниги адистигине ээ болгон.

2005-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин информатика жана эсептөө техникасы адистиги боюнча  аяктаган.

2007-жылы Кыргызстан эл аралык университетин экономика багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2019-жылы Академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин курулуш автомобиль жолдор жана аэродромдорду куруу багыты боюнча окуусун аяктаган.

Ишмердиги

2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясында  байланыш инженери.

2007-2011-жылдары Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясында спутниктин байланыш кызматынын башчысы.

2011-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясында Тоннель кызматынын башчысы.

2016-2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде ондуруш болумундо жетектөөчү адис, башкы адис жана бөлүм башчы.

2020-2022- жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде директорунун орун басары.

2022-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондусунун директору.

2023-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде  сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси.

 05.02.2024-жылдан азыркы убакытка чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин  орун басары