mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин Бишкектин жолдоруна карата айтылган сын-пикирлерге кыскача түшүндүрмөсү

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин Бишкектин жолдоруна карата айтылган сын-пикирлерге кыскача түшүндүрмөсү: 

«Борбор калаабыз Бишкектин жолдоруна карата айтылган сын-пикирлерге кыскача түшүндүрмө
Соңку күндөрү социалдык тармактарда борбор калаабыз Бишкектин жолдоруна (аң-чөнөктөргө) карата сын-пикирлер күчөп, арасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнө жана жеке менин адресиме ар кандай ачуу пикирлер айтылып жатат.
 
Маалымат каражаттарынан дагы “Кар менен кошо эриген калаа жолдору”, “Кыштан чыкпай калган көчөлөр” сыңдуу курч мүнөздөгү материалдар байма-бай жарыяланууда.
Албетте, ар бир айтылган сын-пикирди жөндүү деп билем жана аны оң тарабынан кабыл алуу менен кыскача түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм.
 
Белгилей кетсем, Бишкектин жана Кыргызстаныбыздагы башка калаа жолдору шаардык мэриянын көзөмөлүндө болуп, жол куруу жана кармоо милдети муниципалитетке жүктөлгөн.
 
Ал эми Кыргызстанда болжол менен 34 миң чакырым унаа жолу бар болсо, анын 19 миң чакырымга жакыны Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында. Башкача айтканда, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, кармоо жана асфальт төшөө иштери ведомствонун түздөн-түз милдети десем болот.
 
Албетте аң-чөнөктөрдүн пайда болушу — табигый процесс. Ал аба ырайынын өзгөрүшүнө жана жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө байланыштуу болот.
 
Бишкек мэриясы бул маселенин үстүнөн иштеп жатат деп билем, ал эми биздин министрлик өзүнүн балансындагы жолдору оңдоого болгон күчүн жумшап, планды ашыгы менен аткаруунун аракетинде деп ишендире айта алам».