mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош жергесине жасаган иш сапарынын алкагында битум төгүлгөн жайга (битумная яма) барды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош жергесине жасаган иш сапарынын алкагында битум төгүлгөн жайга (битумная яма) барып, тиешелүү жетекчилердин маалыматын укту.

Азыркы тапта бул жерге болжол менен 1700 тонна битум батат.

Тилек Текебаев жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоодо жана салууда негизги курулуш материалы болгон битумду сезон маалында ашыгы менен алып келип, курулуш иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында жаңы битум жайларын куруу керектигин белгиледи.

Эске салсак, битум былтыртан тарта өлкөгө ортомчусуз, ыңгайлуу баада, түз алынып келинүүдө.

Маалымат үчүн айта кетсек, битум асфальт-бетон аралашмасын жасоодо жана жолдорго асфальт-бетон катмарын төшөөдө колдонулат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы