mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна барды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көл айланма жолуна барып, башкы подрядчы “China Road and Bridge Corporation” жана “Pan Arab Consulting Engineers” эл аралык консалтинг компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Анда подрядчынын базасын, тиешелүү техникаларын, жумушчу күчүнүн курамы менен катар консультанттардын кеңсесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Текшерүү жана байкоо иштеринен соң, “Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырым аралыгын реконструкциялоо (Корумду-Балбай Баатыр тилкеси) долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, курулушту сапатуу жана графикке ылайык жүргүзүүнү тапшырды.

Курулуш мөөнөтү 2024-2027-жылдарга белгиленген унаа жол төрт тилкелүү болуп, тротуар, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн, 2 жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн жана 877 суу түтүктүн курулушу менен реконструкциялоо жумуштары каралган. Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат.

Айта кетчү жагдай, долбоордун алкагында кереметүү көлүбүздүн экологиясына кечиктирилгис чараларды көрүү менен абанын булганышын азайтуу максатында курулуш иштерине атмосферага эч кандай көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарбаган толук электр самосвалдары колдонулат. Бүгүнкү күндө подрядчы тарабынан 100 дааана аталган техника аянтчага жеткирилди. Толук электр самосвалдардын дагы бир артыкчылыгы өзгөчө туристтик мезгилде дизель менен иштегенге караганда тынчыраак болуп, ашыкча азы-чууну да азайтат. Бул унаалар үчүн убактылуу заряддоо станцияларын куруу пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы