mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 11-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Сыргабаев Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына дайым ачык экендигин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм! Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүн чагылдырууда көрсөткөн маалыматтык колдооңуздар үчүн Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Транспорт министрлигинде аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн ырааттуу чагылдыруу аркылуу коомчулукка маалыматтарды жеткирип жатасыздар. Сиздер Транспорт министрлиги менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөөдө көпүрөсүздөр. Биздин министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарына дайым ачык экендигин белгилеп кетким келет. Сиздерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!», -деди министр Сыргабаев.

Майрамдык иш-чаранын алкагында министрлик менен тыгыз кызматташып келе жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө «Ардак грамота», » Ыраазычылык каттар» жана белектер тапшырылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы