Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат
- 24 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат. Аба ырайынын өзгөрүшү менен буга чейин жер-жерлерде жаан, ал эми Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Долон сыңдуу ашууларда кыламык кар жааган учурлар байкалды.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууну унутпаңыз!
Алыс жолго сапар алган учурда жаныңызга музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүңүз.
Ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелсеңиз, унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюңуз. Анткени, ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат.
Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз!
Эсиңизде болсун! Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо -кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүүгө даяр!
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы