mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында “Долбоорду башкаруу” деген темада семинар старт алды

Бүгүн, 5-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында 2 күндүк семинар старт алды.  Ага 25 ашык кызматкер катышууда. Иш-чаранын башталышында сөз сүйлөгөн Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев  учурда Министрликтин кызматкерлеринин билим деңгээлин мындан дагы жогорулатуу үчүн көп аракеттер жасалып жатканына токтолду.   

«Былтыр ондон ашык окуу өткөрүлүп, жүз отуздан кем эмес кызматкер окуу-семинардан өттү, быйыл бул көрсөткүчтөрдү көбөйтөбүз деген максатыбыз бар. Белгилей кетсем, 2023-жылдын 25-27-июлунда Прианка Налин Сеневиратне мырзанын ФИДИК семинары болуп өткөн. Ал Америка Кошмо Штаттарынан келди. Анын бул чөйрөдө 27-жылдык зор тажрыйбасы бар. Бүгүн-эртең өткөрүлүп жаткан семинар дагы ФИДИКке тиешелүү, бирок андан башка темаларды камтыйт. Бул семинар биздин министрлик үчүн өтө чоң мааниге ээ, андыктан ушул семинарды өткөрүп жаткан Прианка Налин Сеневиратне мырзага жана уюштуруучуларга, ошондой эле биздин кызматкерлерибизге терең билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып жаткан Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылыгымды билдирем»,- деп белгиледи министр.

Баарыбызга маалым болгондой, ФИДИК курулуш келишимдери курулуш долбоорлорун жөнгө салуучу негизги инструмент болуп саналат жана алар дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат.

Семинар үч негизги темага багытталат:

  • 1-бөлүк: иштин башталышы, аяктоо мөөнөтү, иштин программасы, эскертүү жана аяктоо мөөнөтүн узартуу
  • 2-бөлүк: мамлекеттик органдардын күнөөсү боюнча кечигүүлөр, ишти аткаруу темпи жана кечиктирилген чыгымдардын ордун толтуруу
  • 3-бөлүк: мөөнөтүн узартуу боюнча дооматтар

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өз кызматкерлеринин потенциалын, өзгөчө инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берет. Келишимдердин түрлөрүн, өзгөчөлүгүн билүү жана түшүнүү транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү долбоорлорубуздун сапатын, натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга жардам берет.

Семинарлар ийгиликтүү аяктагандан кийин КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери өтүлгөн материалды өздөштүрүүгө тесттен өтүшөт жана оң натыйжалар болгон учурда аларга ийгиликтүү окугандыгы тууралуу эл аралык сертификаттар берилет.