mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 2024-жылдын 14-17-май күндөрү Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан транспорт форумуна катышууда

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган иш-чарага транспорт тармагындагы мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү менен бул жаатты жакшы талдаган экперттер катышып жатат.

Форумдун жүрүшүндө министр Тилек Текебаев Кыргызстандын атынан сөз сүйлөп, Азия өнүктүү банкы өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөшү экенин белгилеп, анын колдоосу менен жүзөгө ашкан жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду. «Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош, Ош-Сары-Таш-Эркечтам сыяктуу маанилүү транспорттук артерияларды калыбына келтире алдык. Ошондой эле, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жатабыз», — деди министр.

Ал ошондой эле, Кыргызстанда коопсуз жана туруктуу заманбап транспорт системасын түзүү максатында бул тармактын артыкчылыктуу багыттарын атап өттү.

Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн акыркы тенденциялары, технологиялары жана ыкмалары жөнүндө баалуу билимдерди алмашуу, кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөгөн форум быйыл «Бардыгы үчүн таза транспорт» деген ураан астында өтүүдө.

Белгилей кетсек, форум өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, инновациялык чечимдерди киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызмат