mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликте!

2024-жылдын 20-апрель күнү Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган ведомство жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери ишембиликке чыгышты.


Министр Тилек Текебаев “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте Чоң-Арык-Ала-Арча жаратылыш паркы унаа жолун таштандыдан тазалап, айлана толук иретке келтирилди.


Ал эми “Кыргызавтобекети” мамлекеттик ишканасы жана “Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси Алматы-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 247-чакырым аралыгы менен Бишкек-Манас унаа жолунун кесилишиндеги жердеги таштанды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, алар таштанды полигонуна чыгарылды. Ошондой эле, жол чети иретке келтирилип, көчөттөр отургузулуп, актоо, сырдоо иштери жүрдү.


Мындан тышкары, ишембиликке министрликтин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын, «Кыргыз жолтранс» долборлоо жана изилдѳѳ институтунун жана Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө бекитилген аймакты тазалашты.
Жалпысынан тазалык иш-чарасына 1000ден ашык кызматкер катышты (бул Бишкек шаарындагы көрсөткүч, аймактарда ишембиликке чыккан кызматкерлерди кошпогондо).