mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт департаменти: Рейддик текшерүү иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү ташуунун эрежелерин, эл аралык жүк ташуулардын талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирет.

Анын алкагында департаменттин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Токмок шаарында жана Кемин районунда оор жүк жана жүргүнчү ташыган унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды.

Анын жүрүшүндө ашыкча жүк жүктөгөн транспорт каражаттарынын ээлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) беш протокол толтурулуп, жалпы 125 000 сомго айып пул салынды. Ал эми жүргүнчү ташыган 10 унаанын айдоочусуна түшүндүрүү иштери менен бирге тиешелүү протоколдор толтурулуп, 14 500 сом айып жазылды.

Жалпы салынган айып пулдардын суммасы 139 500ду түздү.

Белгилей кетсек, 5-февралда башталган рейддик иш-чара 5-мартка чейин уланат.

Министрлик текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын белгилеп, айдоочуларды салынган жолдордун талкаланышына жол бербөөгө жана тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы