ТРАНСПОРТТУК КӨЗӨМӨЛДҮ КҮЧӨТҮҮ: 7 айдын ичинде өлкө казынасына 64 млн 657 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды
- 17 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2024-жылдын 7 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 410 336 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 4 420 протокол түзүлдү.
Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыңдуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 64 млн 657 миң 890 сом (2023-жылдын 7 айында — 31 744 083 сом) чегерилди.
Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы