mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тоң районунун Дөң-Талаа айылынан Калкагар айылына чейинки аралыгына асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун 54-56,5-чакырымдар аралыгына (Дөң-Талаа айылынан Калкагар айылына чейинки аралыгы) асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Жолду оңдоого “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №33 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, азыркы тапта 1 чакырымдан ашык аралыкка асфальт төшөлдү.

Эске салсак, буга чейин жолдун Дөң-Талаадан Ала-Баш айылына чейинки бөлүгүнө асфальт жаткырылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы