mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаевдин төрагалыгы астында коллегия болуп өттү

2024-жылдын 8-майында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында министр Тилек Текебаевдин төрагалыгы астында коллегия болуп өттү.
Күн тартибине жалпы 3 маселе коюлуп, жол тармагы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы, салынып жаткан жолдордун сапаты, анын көзөмөлгө алынышы, унаа жолдордо катталган кырсыктар менен алардын каттоого алынышы, 2024-жылдын 1-кварталында келип түшкөн жарандардын кайрылуулары жана суу транспорт жаатына көзөмөлдүн жүргүзүлүшү тууралуу баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын соңунда жумушунда жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерге эскертүү жана сөгүш берүү маселелери каралып, алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы