mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тар-Суу-Тегирменти унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу-Тегирменти унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен тазалоо жана жолдун сел алган жээгин толтуруп, бекемдөө иштерин аткарып жатышат.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-май күнү кечки саат 19:00дор чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол бойлой шар аккан суу Тар-Суу-Тегирменти унаа жолуна (14-чакырымы) коркунуч жараткан. Ошол замат аймакты тейлеген жолчулар тарабынан суунун агымын буруп, бекемдөө иштери башталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы