mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын  жол тейлөө кызматкерлери Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Республиканын түштүгүндөгү Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолунун 27-37-чакырымдарында министрликке караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан таштандыларды, инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо, кюветтерди ачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ушундай эле иштер Ош-Раззаков автожолунун 14-28-чакырымдарында, ал эми Ош шаарындагы айланма-автожолунда көпүрөнүн тосмолорун сырдоо жана таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Республиканын түндүгүндөгү Көкмойнок-Кувакы автожолунун 0-26,1-чакырымдарында  №955 ЖТИ кызматкерлери тарабынан трассаны тоо боорунан түшкөн таштардан тазалоо, ошондой эле кюветтерди ачуу жана түтүктөрдү тазалоо,  жолдун жээктерин калыбына келтирүү жана таштанды полигондорун жаңылоо, инерттик материалдардан тазалоо жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, аң-чөнөктөрдү жамоого даярдыктар жана жолдорду тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кант-Чүй автожолунда №34 ЖТИ кызматкерлери көпүрөнү тазалоодо. Талас-Тараз-Суусамыр автожолунда №36 ЖТИ кызматкерлери трассадан эриген сууларды бөлүп, ошондой эле трассаны инерттик материалдардын калдыктарынан тазалагандан кийин аң-чөнөктөрдү жамоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлөт.