Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда талапка жооп бере турган жаңы жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө
- 96 просм.
Жол белгилерин жогоруда аталган унаа жолунун 84-105-чакырымдарында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №19 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары орнотушууда. Алар өңү өчүп, эскилиги жеткен же жарактан чыккан жол белгилерин буюртма менен алдырып, алмаштырып жатышат. Учурда 40дай белги орнотулуп, жаңыланды.
Министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган устакана аймактардан келип түшкөн бардык буюртмаларды өз убагында чыгарып берүүдө.
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-07-at-12.20.30-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-07-at-12.19.36-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-07-at-13.06.47-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-07-at-13.06.21-1-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-07-at-13.06.21-1024x768.jpeg)