mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сузак-Кара-Дарыя унаа жолуна асфальт төшөлдү

Сузак-Кара-Дарыя унаа жолуна асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Жалал-Абад облусуна караган бул жолду оңдоого “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №22 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.

Жалпы 12 чакырымды түзгөн Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 4 чакырымына асфальт басылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы