mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сокулук-Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Чүй облусуна караштуу Сокулук-Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл аталган жолдун 3 чакырымына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Учурда жумуштар ортодон ооп, эки чакырымдан ашык аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы