mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республиканын ашууларында карды тазалоо жана инерттик материалдарды   чачуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

2024-жылдын 26-февралында аба ырайынын суук болуп кеткенине байланыштуу Казарман-Акталчат унаа жолунун 44-99-чакырым аралыктары жабылып, айдоочулар Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун айланып өтө алышат. Республиканын ашууларында карды тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Барскоон-Ак-Шыйрак автожолунун Сөөк ашуусунда кар күрткүсү байкалып, жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүп, жол ачык.

Кырчын ашуусунун айрым жерлеринде кар күрткүлөрү пайда болуп, учурда КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №36 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүрүүдө.

Чоң-Ашуу ашууга түшкөн кар көчкү тазалангандан кийин жол бир тилкеде ачылды. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №11 жол тейлөө кызматкерлери тарабынан кардан тазалоо, жолду кеңейтүү жана тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө, ошондой эле Боз-Учук, Шахта-Жыргалаң автожолдорун кеңейтүү боюнча иштер улантылууда. Ушундай эле иштер Долон, Кызыл-Бел, Көк-Бел, Төө-Ашуу, Чыйырчык, Чапчыма жана башка ашууларда жүргүзүлүүдө.

Кыргызгидромеддин маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаап, туман болот. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн автоунаа айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине кийлигишпөөгө чакырат.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы