mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Рейддик текшерүү иштери: Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү ташуунун эрежелерин, эл аралык жүк ташуулардын талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик текшерүү иштерин баштады.
Анын алкагында Балыкчы транспорттук көзөмөл пунктунда инспекторлор тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды.
Анын жүрүшүндө ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан транспорттордун айдоочуларына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, жалпы 55 500 сомго айып пул салынды.
Ошондой эле, ашыкча жүгү түшүрүлүп, башка унаага жүктөлдү.
Белгилей кетсек, текшерүү иштери жети дубанда тең жүргүзүлүп, эреже бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен кошо тийиштүү протоколдор түзүлүп жатат.
5-февралда башталган рейддик иш-чара 5-мартка чейин уланат.
Министрлик текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын белгилеп, айдоочуларды салынган жолдордун талкаланышына жол бербөөгө жана тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы