mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош облусундагы Кара-Суу районунда жол белгилерин чыгарган цех ачылды

Ош облусундагы Кара-Суу районунда (№45 Жол тейлөө ишканасынын базасында) жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Учурда саналуу киши иштеген чакан цех сынамык (эксперимент) иретинде күнүнө 30-40 белги чыгарууда.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жабдуулардын абалын жана алардын иштешин жеринен көргөн соң, айрым кемчиликтерди жоюп, акырындык менен аппараттарды жаңылоо тапшырмасын берди.

Ошондой эле, өзүбүздөн чыккан продукт 7-10 жылга чейин жарамдуу болуп, баасы тирөөчү менен кошкондо жеке компаниялардан алганга караганда кыйла арзан болорун белгилеп, биринчи кезекте сапатына көңүл бурууну тапшырды.

Эске салсак, былтыр министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылып, азыркы тапта ал ийгиликтүү иштеп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы