mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу толук ачылды

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 43-чакырымындагы (Чили-Сай) көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды.

Азыркы тапта да калыбына келтирүү, бекемдөө иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана атайын техникалар тарабынан уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы убактылуу көпүрө да калыбына келтирилип, каттам жанданган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы