mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Раззаков жолунун Рават участогунда жеңил унаанын айдоочусу рулда уктап калып, жол кырсыгына кабылып, андагы эки жүргүнчүнүн бирөөсү каза болгон

2024-жылдын 20-январында Ош-Баткен-Разаков автожолунун Рават участогунда «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө ишканасы тарабынан тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу учурунда ИСУЗи автомашинасынын арткы  бөлүгүнө Өзбекстан Республикасынын жеңил автомашинасы чоң ылдамдык менен сүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулда уктап калып, жол кырсыгына кабылган. Анда жүргүнчү аялдардын бири каза болгон.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Баткендеги филиалынын директору Мамаюнус уулу Авазбек билдиргендей, №2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жол кырсыгынан жабыркаган эмес.

Транспорт жана коммуникация министрлиги айдоочуларды эс алуу жана уктоо режимин сактоого, аба-ырайынын жагымсыз шарттарында, айрыкча кар жааганда рулда этият болууга чакырат.

Ошондой эле тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, ошондой эле жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда каршы тилкеге чыкпоого жана тайгакка каршы инерттик материалдарды  чачуу убагында кар тазалоочу техниканын ишине тоскоолдук кылбоого чакырат.