mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Раззаков автожолунун  Баткен-Боз-Адыр  участогунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары өздөрүнө бөлүнгөн жол участоктордо жол куруу иштерин улантууда.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен Ош-Баткен-Раззаков (жана эски багыт) автожолунун Баткен-Боз-Адыр участогунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды.
2024-жылдын 11-апрелине карата бул участоктун 320 метрине асфальт-бетон төшөлдү. Жогорудагы автожолго асфальт-бетон төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 21 бирдик атайын техника тартылды.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы