mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ноокен районунун Ленин жолу-Казар-Мазар автожолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 290-296-чакырымдарында №41 жол тейлөө кызматкерлери парапеттик блоктор орнотулган жерлерди тазалоодо. Ал эми анын 356-360-чакырымдарында суу буруучу каналдарды калыбына келтирүү, жол жээктерин тегиздөө, кыш мезгилинде колдонулган инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо иштери аткарылды.
№51 ЖТИ жумушчулары тарабынан Ноокен районундагы Рахманжан-Кара-Булак автожолунун 14-чакырымында трассаны профилдөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ал эми Ленин жолу-Казар-Мазар автожолунун 4-12-чакырымдарында асфальттоо жолу менен аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары Ленин жолу-Шайдан автожолунда мыйзамсыз объекттерди боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды өз ыктыяры менен бузуу боюнча көрсөтмөлөр берилип жатат.
Ош-Сары-Таш-Эркештам автожолунда №959 ЖТИ жумушчулары аң-чөнөктөрдү асфальтбетон аралашмасы менен толтуруу иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми ПАД-Аскалы автожолунун 115-чакырымдарында жолдордо эриген суулардын нугун буруу жана кеңейтүү боюнча иштер аткарылууда.
Ал эми Ат-Башы — Кында — Торугарт автожолунун 50-70-чакырымдарында №20 ЖТИ жумушчулары кар көчкүнүн калдыктарын тазалоо иштери болуп жатат.
Ал эми Ош-Ташкент автожолунун 4-5-чакырымдарында №21 ЖТИнин жумушчулары жолду таштандылардан тазалап, жууп жатышат.