mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ноокат жолундагы эки көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна барып, эки көпүрөнүн курулушунан кабар алды.

Учурда жолдун 29-чакырымында жайгашкан көпүрөдө плита коюу, каркас токуп тосмо орнотуу жана бетон дубал куюу жумуштары жүрүүдө. Ал эми 42-чакырымындагы эски көпүрө толук демонтаждалып, жаңысынын таянычтарын казып, даярдоо иштери жасалууда.

Иштин жүрүшүн жеринен көргөн министр Тилек Текебаев сапатына басым жасоо менен мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүү керектигин билдирди.

Ошондой эле, эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дагы 6 см калыңдыктагы асфальт (ШМА) катмарын төшөө, жол четине лотокторду жана темир бетон тосмолорду орнотуу, тротуар салуу, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү сыңдуу быйылкы жылга пландалган жумуштарды өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Эске салсак, Ноокат жолун (Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910 чакырым аралыктарын) калыбына келтирүү иштери былтыр башталып, планга ылайык 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары басылган. Ошондой эле, суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, 4 чакырымга тротуардын ылдыйкы катмары төшөлгөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы