Нарын облусу: Биринчи орун басар жол иштеринин жүрүшүн текшерди
- 27 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Учурда жумуштар 8-13, 33-38, жана 84-120-чакырымдар аралыгында жүрүп жатат. 2024-жылга карата капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган унаа жолдун жалпы 20 чакырымына асфальт төшөө каралган.
Иштин жүрүшүн жеринен көргөн Талантбек Солтобаев жумуш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын берди.
Биринчи орун басар асфальт төшөө иштери жүрүп жаткан жолдорду кыдырып, асфальт-бетон заводуна да барды. Ошондой эле ал Нарын шаарындагы Орозбак, Ленин көчөлөрүнүн курулушунан кабар алып, калаадагы аба майдандын учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо иштери менен таанышты.
Жер-жерлерди кыдыруунун жүрүшүндө Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине ар бир ишти белгиленген графикке ылайык бүтүрүүнү тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы