mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 28-32-чакырымдарында асфальт төшөө иштери башталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасынын аймактардагы жолчулары өздөрүнө караштуу жол участоктордо тиешелүү тапшырмаларды аткарышууда.
Учурда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 28-32-чакырымдарында №26 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары эски асфальттарды сыйроо иштерин жүргүзүшүп, жаңы асфальт төшөөгө даярдыктарды көрүшүүдө.
Ал эми, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №27 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 108-132-чакырымдарында жайгашкан Курулуш, Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Жер-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын жол боюндагы аялдамаларда ремонт иштерин жүргүзүшүүдө. Алар жогорудагы аялдамаларды актап, сырдап жана цементтешип жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүшүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы