Министр Сыргабаев телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
- 62 просм.
Бүгүн, 8-декабрда Кыргызстанда телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип жатат. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев радио жана телекөрсөтүү жаатында эмгектенген журналисттерди майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!
8-декабрь — кесиптик майрамыңыздар менен жеке өзүмдүн жана министрликтин жалпы жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул майрамдын датасы бекеринен тандалган эмес. 1958-жылы Бишкектеги биринчи телестудия ишке берилип, кыргыз тилиндеги биринчи телеберүү чыккан. Учурдан пайдаланып, жалпы теле жана радионун ишин камсыздап, обого чыккан жана көшөгө артында иш жүргүзгөн жамаатка бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Сиздердин ар бир күнүңүздөр жоопкерчиликке, талыкпас эмгекке жана жаңылыктарды ыкчам жеткирүүгө арналып, анын аркасында элге ырааттуу маалымат жеткирилүүдө.
Майрамыңыздар кут болсун, сыймыктуу кесип ээлери!».