mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин кызматкерлери жалпы ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 4-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана министрликке караштуу ишканалардын 70тен ашык кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Алар Бишкек-Ош унаа жолунун 22-30-чакырымдар аралыгын таштандыдан тазалашты.

Бул ишембилик социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы