mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Күн ысыкта асфальт жолго чыккан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, тартипти сактабагандарга айып пулдар салынууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 1-июндан 10-июнга чейин тартипти бузган 29 айдоочунун унаасы токтотулуп, түшүндүрүү иштери менен бирге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 216 миң 500 сом айып пул салынды.
 
Белгилей кетсек, буга чейин салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгени эскертилген.
 
📌Бул чектөө:
 
— Жүргүнчү ташыган;
— Гуманитардык жардамды ташыган;
— Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган,
— Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган,
— Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жана 10 мобилдик топ аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы