mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө” келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду 

Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында, 1992–жылдын 28-апрелинде кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө” келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. 

Бул тарыхый иш-чара бир тууган эки элдин достугун мындан ары дагы бекемдеген транспорт тармагындагы чоң жетишкендик болуп саналат. 

Боордош Түркия мамлекети менен болгон бул кызматташтыктын натыйжасында эки өлкөнүн автожүк ташуучулары эки тараптуу жана транзиттик ташууларда эл аралык уруксат бланктарын албастан Кыргызстандан Түркияга жана Түркиядан Кыргызстанга жүк ташууда артыкчылыктарга ээ болот.  Бул  эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнө чоң өбөлгө түзүп, экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө  салымын кошот.