Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча аткарылган жол жумуштары
- 32 просм.
Ош облусу боюнча жалпысынан Мамлекетик капиталдык салымдар беренесинин негизинде 20 км жана орто ремонт иштери боюнча 9 чакырымга асфальт төшөлду. Учурда «№5 Жол эксплуатациялоо ишканасы» филиалы тарабынан Ош облусундагы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 613- 614 чакырым аралыгында ан-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө. Ал эми №16 ЖЭИ Сары-Таш-Карамык, авто жолунун 30-136 чакырымында жол белгилерин алмаштыруу иштери уланууда.
Учурда Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 28.0-28.8-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. №37 ЖЭИ- ге караган Жийде-Ак-Тоок ( Бор-Баш а.) жана Тоо- Моюн-Осор-Жаңы-Арча автоунаа жолдорунда асфальт төшөө үчүн негизин даярдоо иштери аяктады. № 44 ЖЭИна караган Ноокат-Араван-Чекабад автоунаа жолунун 33,5-34 чакырымдар аралыгында жанан Ноокат-Араван-Т.Коргон жолунда асфальт төшөө иштери аяктады. Гүлчө-Корул-Суук- Добо- Ылай-Талаа жолунун 5-8 чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү жамоо иштери башталып, Ош- Төлөйкөн авто жолунун 7,4-9 чакырымында асфальт төшөө иштери аяктады. Жалпысынан 1,737 км басылды. Мындан тышкары Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда жол чийиндери чийилип, учурда 850м2 аткарылды.
Министрликтин маалымат кызматы