mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстан менен Азербайжан транспорт тармагындагы бизнес форуму болуп өттү

Жакында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин колдоосунда Кыргызстан менен Азербайжан транспорт тармагындагы бизнес форуму болуп өттү. Ага КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев, мамлекеттик органдар, жүк ташуучулар, бизнес тармактын өкүлдөрү катышышты.
Автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу Кыргызстан менен Азербайжан мамлекетинин ортосундагы жүк ташуулардын көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргызстан менен Азербайжандын катышуусунда мультимодалдык коридорлорду жана маршруттарды түзүү абдан маанилүү.
Б. Рысмендеев өз сөзүндө КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаңы мультимодалдык каттамдарды гана эмес, ошондой эле транспорттук жана кургак порттук инфраструктураны өнүктүрүүнү жана Чыгыш–Батыш багытында жүк агымын көбөйтүү боюнча жалпы кызыкчылыктарды эске алуу менен Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана андан ары Европаны бириктире турган Түштүк транспорттук коридорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Түштүк транспорттук коридор аркылуу Борбордук Азия менен Европанын ортосундагы транспорттук өз ара байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берерин, Кыргызстан жана Азербайжан аркылуу өткөн Түштүк транспорттук коридорунун артыкчылыктары көп экенин белгилеп, боордош Азербайжан эли менен транспорттук кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүгө КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги дайым даяр экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, Транспорт министрлиги тарабынан Түштүк транспорттук коридорду өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө, коридордун катышуучулары менен тоскоолдуктарды четтетүү, транспорттук процесстерди санариптештирүү, уруксат бланктарын либералдаштыруу, транспорттук жыйымдарды иретке келтирүү боюнча иштер активдүү жүрүүдө.
Белгилүү болгондой, КРдин Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы менен биргеликте «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга даярдык көрүү боюнча активдүү ишти баштады, ал толугу менен Түштүк коридорунун потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.