mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстанда электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) чыгаруу пландаштырылууда

Кыргызстанда электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) чыгаруу пландаштырылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев баштаган ведомство кызматкерлери менен Эл аралык ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана Европа өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык айдоочулардын катышуусунда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө маалым болду.

Анын алкагында 1970-жылдын 1-июлундагы Женева шаарында түзүлгөн Европа макулдашуусун жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргызстандын аймагында электрондук тахографтарга карточкаларды даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер жана анын жүрүшүндө жаралган көйгөйлөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилей кетсек, азыркы мезгилде картаны чыгаруучу компания карточкаларды сертифкаттоо боюнча иш алып барууда. Зарыл болгон үч сертификаттын экөө алынды. Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборуна картанын шайкештик сертифкатын алууга арыз берилди. Болжол менен Кыргызстандын аймагында картаны (шайкештик сертифкатын алуу датасына жараша) май айынын аягынан тарта чыгаруу пландаштырылып жатат.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы