“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы: Асфальт төшөө иштери уланууда
- 14 просм.
Ош облусундагы Өзгөн-Кеңеш-Айгыр-Жал унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жумуштар № 5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган жолдун 3 чакырымын асфальттоо каралып, азыркы тапта 1,5 чакырым аралыгы жасалды. Ал эми Кара-Кулжа-Сары-Камыш жолунда асфальт басуу иштери аягына чыгып калды. Азыркы тапта жасала турган 3,8 чакырым жолдун №26 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 3,4 чакырымы бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарынын Баетов көчөсүндө жана Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Жерине №12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган. Асфальт төшөө иштери Баткен облусунда да жүрүп, жумуштар № 2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы