mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №12 Жол тейлөө мекемесинин 15 чакты кызматкерлери жана 11 атайын техника иштеп жатат.

Быйыл жалпы 72 чакырымды түзгөн Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун 2 чакырымына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Учурда жумуштар ортодон ооп, бир чакырымдан ашык аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы